Ош шаарында жылуулукка берилген суудан пайдаланган 94 адамга протокол толтурулуп, айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда SUPER.KG порталына Ош шаардык жылуулук камсыздоо ишканасынын башчысы Беделбай Кадырбердиев билдирди.
"Ош шаарында жылуулукка берилген сууну колдонгондордун саны көп болууда. Айрымдары жылуулук түтүгүнөн суу алып, палас жууп жатышат. Акыркы убактарда атайын рейд жүргүзүлүп 235 үйдүн уланган суу түтүктөрү кыркылды. Анын 40 пайызына протокол толтурулуп, айып салынган. Мындан ары сот жана прокуратура иш жүргүзүп, чара колдонот", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Беделбай Кадырбердиевдин маалыматына ылайык, акыркы 3 жыл аралыгында 200 көп кабаттуу үйдүн жылытуу системдери жаңыланган. Ош шаарында 640 көп кабаттуу үй бар.
Эске салсак, аталган ишкана жашоочулар сууну мыйзамсыз пайдалангандын кесепетинен 40 тоннадан ашык суу жоготуп жатканын, мындан ары 20 миң сомдон жогору суммада айып салынарын айткан.