Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов көзү тирүү болгондо 75 жашка толмок. Ал 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл районундагы Бостери айылында туулган.
1966-жылы Москвадагы Жогорку комсомол мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1954-жылы Ысык-Көл районундагы
№54-жылкы заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1964-жылдардан тарта комсомолдук иштерде эмгектенген. 1972-жылы "Кыргызстан" басмаканасында башкы редактордун жардамчысы болуп иштеген. Ал эми 1983-1986-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин улук редактору, 1986-1990-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы, 1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) уюштуруучусу болгон. 1990-1995-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Казат Акматовдун аңгемелеринин алгачкы жыйнагы 1974-жылы "Боз улан" деген аталыш менен жарык көргөн. Жазуучу мындан тышкары "Ыйык журт", "Мезгил, "Мунабия", "Күндү айланган жылдар" жана башка роман, повесть, аңгемелер жыйнактарынын автору. Бир нече чыгармалары сахнага коюлган. 2013-жылы Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында "Эрика Клаустун 13 кадамы" деген чыгармасы англис тилинде жарык көргөн. Жазуучунун акыркы чыгармасы "Архат" романы болуп эсептелет.
Казат Акматов "Манас-1000" мааракелик медалы менен сыйланган. Ошондой эле ал Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Бүткүл союздук Николай Островский атындагы адабият сыйлыгынын ээси. 2015-жылы 14-сентябрда узакка созулган оорудан улам каза болгон.
23-декабрга карата жылнаама.