SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмнеге сойкуларга мыйзам жок?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Албетте, мыйзам талап кылып, биз өзүбүз дагы аракет кылсак болот. Мисалы, өзүбүз мыйзам жазып, анан аны эл менен тааныштырып, элге жакса, адашпасам жүз миңден ашык адамдын колу керек. Ал колдор топтолгондо ЖКга жөнөтсөк, алар карап таанышып чыгып, добушка коюшат, көпчүлүк депутаттар макул болсо, мыйзам кабыл алынат".
"Сойкулукту биротоло жоюп жиберүү - өтө чоң маселе. Негизи, сойкулук - чоңдордун эң чоң киреше булагы".
"Сойкулук деген жок болбойт эч качан. Мыйзам күчтүү СССР убагында Калбүгө окшогондор болгондон кийин азыркы заманда тыюу кыйын, Франциядагыдай катуу тыюу салса, анда билбейм".
"Бул жаатында чечендерден үлгү алсак болот. Сойку турмак кечинде бир да кыз жалгыз жүрө албайт экен. Мас болуп машина айдагандарды адам катары көрүшпөйт. Өлсө жаназа да окулбасын дептир Рамзан Кадыров".
"Алар жок болсо, зордукталган кыздар көбөйөт, каякка, кимге барышарын билбей. Мыйзам жазылса, жарандардын укугун тебелөө болуп калат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.