"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калаанын көчөлөрүн, тротуарларды жана аялдамалардын алдыларын кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Кызматкерлер таң эртеден тартып штаттык режимде иштешүүдө. Тротуарларды жана жолдорду муздан, кардан тазалоо иштерине Жол-эксплуатация башкармалыгынын 20 жумушчусу жана калаанын райондорунун 510 короо шыпыргычы чыкты. Тазалоо иштерине 28 кар тазалоочу унаа тартылды жана калаанын жолдоруна 220 тонна кум, 24 тонна туз чачылды", - деп айтылат маалыматта.
Күн бою "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, ошондой эле тротуарларды кардан тазалоо иштерин жүргүзүшөрү маалым болду.