SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Төшөктө жатуу боюнча кеңеш керек" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы автордун суроосу:
"Жаңы үйлөндүм, аялым экөөбүз башында жакшы жашап жаттык. Анан азыр мени жактырбай жаткандай. Чынын айтканда, мен үйлөнгөнгө чейин бир да кыз менен жаткан эмесмин, кичинемден дин жагына жакын элем. Үйлөнгөнүмө бир ай болду, ушуга чейин 4-5 жолу гана жаттык. Аялым "каалабайм, жаккан жок мага" деп жатат. Кыздарга барбаганымданбы, анча тажрыйбам жок".
"Интернеттен "порно", "Как возбудить женщину?" деп жазсаң, сурооңо жооп табасың".
"Күлчоро Аскаровдун "Эки жүрөк - бир сүйүү" деген китеби бар, ошону таап окусаң туура маалымат аласың. Анан, эң негизгиси, өзүң да аракеттенип фантазияны иштет, фантазияң иштебесе канча көрүп, окусаң да пайда чыкпайт".
"Келинчегиңди ээрчитип сексопатологго бар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.