ӨКМ айдоочуларды тоолуу аймактардагы жол менен жүрүүдөн карманууну сунуштайт

Бүгүн, 23-декабрда Бишкек-Ош жолунун 4 тилкесинде, 224-чакырымында 2 жолу, 226 жана 198-чакырымдарында кар көчкү жүрдү. Жолчулар тарабынан кар тазаланууда. Буга байланыштуу саат 10:00дөн тарта "Сосновка", "ДЭУ" жана "Арал" постторунда унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды тоолуу аймактардагы жол менен жүрүүдөн карманууну сунуштайт.

23-24-декабрь күндөрү күтүлүп жаткан карга байланыштуу Бишкек-Ош жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдоруна муз тоңушу, кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан