Ош шаарындагы "Ош" Эл аралык аэропорту штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
"Аэропорт каттамдарды өз убагында кабыл алып, учуруп жатат. Бүгүн эртең мененки кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды суранып, кечирим сурайбыз", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын аймагын туман каптап, аэропорт ишин токтоткон.