Бишкек-Ош жолунун 224-чакырымы жеңил унаалар үчүн ачылды

Бишкек-Ош жолунун 224-чакырымында - Ала-Бел ашуусуна түшкөн 12 600 метр куб кар көчкү тазаланып, бүгүн, 24-декабрда саат 03:00 чамасында жол жеңил унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Патрулдук милиция кызматы билдирди.

"Кар көчкү тазаланды, жол жеңил унааларга ачык, оор жүк ташуучу унааларга азырынча чектөө бар", - деди ага лейтенант Замир Иманбеков.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош жолунун 224-чакырымына түшкөн кар көчкү Мерседес Гигант унаасын жол жээгине сүрүп чыккан. Ушул эле чакырымга экинчи ирет түшкөн кар көчкү дагы бир Мерседес Гигант унаасын оодарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Talantbek1994
2016-12-24 14:39:51
Алдын ала чара көрсө болбойт бекен ушу кар кочку жургонго чейин?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан