Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен кар көчкүдөн арылып, 24-декабрга караган түнү саат 1:00дө толугу менен ачылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана жол министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда бул жолдо 5 жерде кар көчкү түшкөн. Министрлик аба ырайына маани берип, сапарларга чыгууда абайлоого чакырат.