Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балаты шаардыктар үчүн кечкисин жанып турат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлап, Жаңы жылга карата иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Маалыматка ылайык, балатынын оту 22-декабрда жандырылган.
"Жаңы жылдык майрам 27-декабрь күнү “Келечек” балдардын чыгармачылык борборундагы мэрдин балатысынан башталат. Анда алдынкы окуучулар сыйланып, наристелер үчүн таттуулар таратылып, Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусундагы “Алтын балаты” аттуу оюн-зоок, концерттик программа менен коштолот", - деп айтылат маалыматта.
27-декабрда шаардагы жалпы жаштар үчүн Ош шаарынын мэринин балатысы уюштурулат. 31-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында шаардыктар жана коноктор үчүн бир катар майрамдык иш-чаралар тартууланат.
"Борбордук аянтта саат 14:00дөн тарта Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан даярдалган жаңы жылдык бал-маскарад өтөт. Анда “мыкты” деп тандалып алынган мектептердин окуучулары, 20 жуп Аяз ата жана Аяз кыз майрамдык шоу тартуулашат. Андан соң Ош шаарынын Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган аркан тартыш, кол күрөш, кап кийип жарышуу сыяктуу эстафеталар өтөт", - деп кошумчалашкан мэриядан.
Мындан тышкары жомоктордон кыскача үзүндү, "тамашоучулардын" тамашалары, Аяз ата, Аяз кыздардын парады, оюн-зоок программалары уюштурулат. Кечкисин борбордук аянттагы майрам Ош шаардык маданият башкармалыгы жана Жаштар комитети тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен коштолот.