Германиянын Аугсбург шаарында 54 миңдей тургун үйлөрүнөн убактылуу чыга турууга мажбур болушту. Шаар бийлиги учурда Экинчи дүйнөлүк согушта калган жарылуучу затты жок кылуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, авиациондук жардыруучу заттын салмагы 1,8 тоннаны түзөт. Бул затты шаардын тарыхый жайларында жүрүп жаткан курулуш иштеринин учурунда табышкан. Аны Улуу Британиянын Куралдуу күчтөрүнө таандык деп болжолдошууда.
Шаар бийлиги тургундарды убактылуу жашай турган жактарга көчүүгө чакырды. Эвакуациянын радиусу 1,5 чакырым аралыкты түзөт. Үйлөрдөн тышкары оорукана, 4 карылар үйүнүн кызматкерлери которулат. Ири иш-чараларды уюштурууга тыюу салынды.