Дүйнөдөгү өзгөчө жаңы жылдык балатылар

Жаңы жылга жакын дүйнө жүзү боюнча миллиондогон майрамдык балатылар орнотулуп жатат. Ар биринин ээлери өз балатысын өзгөчө кылып, башкалардыкынан айырмаланткысы келип, жаңы жылдык балатылардын ар кандай варианттарын сунушташууда.

Уэст-Палм-Бич, Флорида. 11 метрлик кумдан жасалган балаты, 600 тоннадай салмакта. Аны белгилүү кум айкелчилери жасашкан.

Германиянын Берлин шаарындагы таштанды темирлерден жасалган балатынын бийиктиги 12 метр. Балаты Германияда эң түрү суук аталды. Муну менен уюштуруучулар учурдагы муундун ысырапкорчулугун көрсөткүлөрү келишкен.

Аризонада камгактан жасалган 8 метрлик балатыны жасаганга бир ай убакыт, 1000 камгак кеткен. Алар каркаска байланган соң ак түскө боёлуп, өрткө каршы каражат менен капталып, жалтырактар менен кооздолгон. Композицияны 1200 түстүү жарыктар кооздойт.

Нидерландынын борбору Амстердамдагы Рейксмюсеум музейиндеги голографиялык балаты. 7 метрлик балаты музыкага ылайык түсүн өзгөртүп турат.

Ал эми АКШнын Колорадо штатында жергиликтүү айкелчи лыжалар менен 7 метрлик "балаты" жасап, гирлянда жана жылдызча менен кооздогон.

Пуансеттия гүлдөрүнөн Небраскада Омаха шаарындагы Лорицен Гарденс ботаника багында 10 метрлик балаты орнотулган. Бакчанын кызматкерлери 5000дей өсүмдүк өстүрүшөт, 720сы майрамдык бакты жасоого кеткен.
Мэн штатындагы Рокленд шаарында лобстерлерди кармоочу 154 капкан менен 12 метрлик композиция 13 жылдан бери жасалып жатат. Бул өзгөчө "бак" калаанын жашоочуларынын негизги каражат табуу булагын белгилеп турат.

Казакстандын айылдарынын биринде да көңдөрдөн жаңы жылдык балаты жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bermet104
2016-12-26 11:26:55
Камгак деген эмне?
0
Revolyutsiya
2016-12-26 15:17:07
bermet104, камгак -бул камгак, кеч куздо сонгогу сынып (тамырынан ажырап) талаада, чолдо шамал учурса учуп, токтосо конуп жургон осумдук, кобунесе тикендуу осумдуктор. Ал эми кон - бул тезектин башка бир аты, синоними...

Кыргыз болгон сон кыргызча билбоо уят эле нерсе, же жаштар колуна китеп кармап окубаса тушунугун, тил байлыгын остуруп...
0
omka100514
2016-12-26 16:18:48
Кумдан жасалган балаты сонун экенго
0
mentol
2016-12-27 02:10:11
Эх жаны жыл... сонун майрам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан