Жол кырсыгына кабылган Абдыкалык Маматовдун соттук отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Жол кырсыгына кабылып, майып болуп калган Абдыкалык Маматовдун соттук отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда SUPER.KG порталына кырсыкка кабылган жабырлануучу өзү билдирди.

"Мен кырсыкка кабылгандан бери соттук отурум жылдырылып келет. Буга чейин Бишкек шаардык соту мени сүзүп кеткендер боюнча ишти карап жаткан болчу. Эми алар ишти кароону Аламүдүн райондук сотуна өткөрүп беришти. Аламүдүн райондук соту материал менен таанышуу үчүн дагы отурумду жылдырышы мүмкүн. Мындан аркы соттук отурум кайсы убакытка жылдырылганы белгисиз болууда", - деди Маматов.

Эске салсак, жабырлануучу 2015-жылдын 19-ноябрында Сокулук-Кант унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, бутунан жаракат алган. Андан соң күнөөлөнүп жаткан тарап жабырлануучуга 500 миң сом акча сунуштаганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayida
2016-12-31 12:04:55
Жакшы эле сунуштаптыр акчасын алсын аны каматканда не пайда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан