"Народный" дүкөндөр тармагынын өкүлү: "Кызматкер кыргыз тилинде тейлегени үчүн эмес, кардарга орой мамиле кылганы үчүн убактылуу жумуштан четтетилди"

Бүгүн, 30-декабрда Бишкектеги "Народный" дүкөндөрүнүн биринде кардарларды кыргыз тилинде тейлегени үчүн кызматкер иштен бошотулганын окурман "Элдик кабарга" билдирген.

Аталган дүкөндөр тармагынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Нурайым Айбашова SUPER.KG порталына ал кызматкер жумушунан алынбаганын айтып, кардарды кыргыз тилинде тейлегени үчүн эмес, кардарга орой мамиле кылгандыктан, убактылуу жумуштан четтетилгенин кошумчалады.

"2016-жылдын декабрь айында сатып алуучудан бизге доомат келип түштү. Биздин кызматкер "Народный-Байчечекей" дүкөнүнүн кассири болуп иштеп, сатып алуучу менен орой сүйлөшкөн. Ошондой эле анын мамлекеттик тилди билбегендигин шылдыңга алган. Азыркы убакта "Народный" дүкөндөрүндө бул окуяга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жаткандыктан, ал кызматкер убактылуу жумуштан четтетилди. Бул кызматкер биздин компанияда 2016-жылдын 1-декабрынан тартып иштейт жана азыркы учурда сыноо мөөнөтүндө", - деди Айбашова.

Териштирүүдөн кийин бул жагдай боюнча толук маалымат берилерин билдирди Н.Айбашова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
chyngyz-40
2016-12-30 17:21:01
мага койсо Кыргызстанда жашаган орус озбектин баарын кыргызча уйротуп коймокмун уйронсунда эмне кыргызстанда жашап эми кыргызчада суйлобой койолубу
+24
Revolyutsiya
2016-12-30 17:25:50
Нурайым Айбашеваны да кызматтан алгыла чындыкты бурмалаганы учун... Народныйды айланып отуп жургуло, киргиздерге соода кыла беришсин!!!
+23
happy15
2016-12-30 17:48:34
Мен деле озбектер келсе айтат болчумун кыргызча суйлогуло деп, ошентсем бир кыкем сен нацист экенсин дейт ооба нацистмин деп аябай кыйкыргам магазин мн бир болуп кыргызча суйло мага деп, анан айтасын да жанын кашайганда озубузда туура эмес кылабыз бир орус корунсо эле болду орусча тантырап
+26
arzygulR
2016-12-30 19:07:11
Мен деле озбек мн урушкам кыргызча суйло деп
+7
momun74
2016-12-30 19:17:58
Кыргыз мамлекетинде жашап жаткан сон кыргызча суйлош керек эмне окендер первый кыкендер второй сортпу менин апам татар улутунун кызы кыргызга тийип кыргызча суйлогонду уйронгон экен азыр кыргыз тилин билгени мн сыймыктанат биздида биринчи кыргыз бала бакчасына берген анан башка тилдерди уйрондук
+14
uli96
2016-12-30 19:52:41
Кыргызстанда жашап жатабы кыргызча билууго милдетту. Ким арыз жазганын айткылачы акенин таанытайын
+12
Aytur
2016-12-30 20:57:41
Эн оной шылтоо да орой мамиле учун деп кутулду!
+13
baiyshvip
2016-12-30 21:16:11
Народный элдин кыжырына тийип алдын оной кутулабыз деп ойлонбогула!!!
+10
baiyshvip
2016-12-30 21:29:32
Кыргызым озубузго тын бололук! Башка улуттагыларды Баш котортбой кыргызча суйлогонду уйротуш керек!!!
+11
jeyloo
2016-12-30 21:36:10
Мен эч ушул народныйга барбайм. Бир бай олигархтын магазини да. Бутиктерден алам. Акчам олигархка кеткиче карапайым калкка жардам болсун дейм. Ал эми бул жагдайды айтсак народныйга барып 2 жылдык айлыгы канча болсо ошончо штрафты асыш керек и толоттуруп бериш керек. Экинчи бир да сотрудникти айдабас болот.
+9
Muratmipa
2016-12-30 22:33:02
Исфанада озбектер эрте менен эрте намаздан мурда сурнайын бакыртат уйкуну бузуп эчкимдин алы жетпейт ошону жок кылганша
+5
make2
2016-12-30 23:18:49
Скидка деп бир эки товарды, сахарды арзан кылып башкасынан пайда корушот бугалтирлери мыкты экен
+4
Khabib
2016-12-31 13:36:43
Айланайн алтындай Кыргызмын кыз жигитери нацис эле болгула башка улутун адамдары озу билип кыргызымын каада салт тилин маданиятын сыйлап жаттабы эчкачан сыйлаган жок кыргызча суйлошбойт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан