Ысык-Көл. "Кумтөр" Жети-Өгүз районуна арзан баада күйүүчү май берди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жазгы айдап-себүү өнөктүгү күндөн-күнгө күч алууда. Быйыл аталган райондо 24 миң 598 гектар  жер аянтка  айыл чарба  өсүмдүктөрүн себүү пландалып жатат. Белгилей кетсек, жазгы айдап себүү жумуштарына карата "Кумтөр" ишканасы дыйкандарга арзан баада дизель майын бөлүп берди. Күйүүчү майдын өлчөмү 287520 литр, баасы 1 литри 34,5 сомдон берилди. Облус башчысынын басма сөз катчысы Назира Муканбетованын айтымында, учурда күйүүчү майдын 155307 литри дыйкан, фермерлерге таратылып берилди. Айта кетсек, аталган аймакта дизель майынын учурдагы баасы 39,6 сом болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан