Өзгөн районунун Мырза-Арык бала бакчасында жаңы жылдык белектин чуусунан улам ата-энелер жыйын өткөрүштү

Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Мырза-Арык бала бакчасында жаңы жылдык белектин чуусунан улам ата-энелер жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда SUPER.KG порталына бала бакчанын башчысы Астра Чыйбылова билдирди.

Окуя 29-декабрда окурман "Элдик кабарга" "Бакчадагы балдарыбызга жаңы жылдык белек алып берүү үчүн 300 сомдон акча чогултушкан. Берген белектери 100 сомго да жетпейт. Ата-энелер буга нааразы" деп билдиргенден улам башталган.

"Элдик кабарга" келген маалымат жарыяланган соң Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ысмайыл Дүйшөев "Жаңы жылдык белекти ата-энелер өздөрү жасашы керек болчу. Эгерде тарбиячылар балдарга жаңы жылдык белектерди даярдап берүү үчүн акча чогултушкан болсо, анда бул ишти мен жергиликтүү укук коргоо кызматына өткөрүп берем" деген жообун берген.

"Бүгүн, 3-январда жумуш күнү башталып, Кароол айыл аймагынын башчысы, айыл аймактын социалдык иштер боюнча адиси жана ата-энелер катышкан жыйын өттү. Жыйында Жаңы жыл алдында балдарга берилген белектин чуусу талкууга алынды. Ата-энелер 29-декабрь күнү балдарына алган белектер үчүн нааразы эместигин айтышты. Ал тургай түшүнүк кат жазып беришти. Жыйынга жалпысынан 52 ата-эне катышты", - деп билдирди Чыйбылова.

Маалыматка ылайык, балаты майрамында 100 балага белек берилген. Ал үчүн ата-энелер 300 сомдон акча чогултушкан. Ал эми аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 9 балага акысыз белек таратылган.

"Балдар үчүн 226 сомго жаңы жылдык белектер алынган. Калган 74 сом жол акысына жана белекти таңгактагандардын эмгек акысына кармалып калган", - деп кошумчалады бала бакчанын башчысы.

Өзгөн. Мырза-Арык балдар бакчасындагы ата-энелер жыйыны
Өзгөн. Жаңы жылдык белектин чуусунан кийинки жыйын
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Boldukan86
2017-01-03 22:42:08
шерменде болбой норм белек алсанар болотго. Уятда олуп эле кетип жатышат.
+1
Ada3003
2017-01-03 22:49:56
Биздин садик 570 сомдон топтошту. Эки балама ошончодон бердик. Подарогу анча чыкпаса деле унчукпай калдыкко((
+1
suban78
2017-01-03 22:50:17
Уят, уят наристелердикин уурдап, оз пайдасына колдонуп. Ээ атаны кулагы, болбоптур
+1
Revolyutsiya
2017-01-03 22:50:43
Уят эле Мырза-Арыктыктар, Чыйбылованарды ордуна кое албай ал кайра силерди "ордунарга коюп" тушунук кат жаздырып алыптыр. Тушунук кат жазгандар уят эле....
+4
glaz_almaz
2017-01-03 23:59:03
Revolyutsiya, плюс
+2
stal.ks
2017-01-03 23:35:03
подаркасы окшойбойт 226сомдукга
+2
janka7
2017-01-03 23:39:19
Баары барып эсептей албай калышкандай
0
orhideya-12345
2017-01-04 00:42:52
Балдардын белеги мамлекет тарабынан берилсе жакшы болот беле???
+1
safia16
2017-01-04 02:20:51
Ар бир группанын ата-энелер комитети, бир ата-энени кошуп алып оздору жасаш керек. Тарбиячыларга бербеш керек 1тыйын белекке чогултууга акысы жок.
0
talant87
2017-01-04 08:24:51
0
fanatka19
2017-01-04 10:04:39
Элден айланса болот,кечирип коюшту да мейли деп.жегичтер кууратты,жок балдардын ырыскысын жегенден уялсаңар боло.226 сомдук белек деп сникерсиңер не 100 турабы.
+3
Milana.
2017-01-04 10:12:35
Уят эле...
0
Milana.
2017-01-04 10:13:37
Баштаган сон аягына чыгып койбоптурдааа калп эле кайра тушунук кат жазып беришпей
+1
mega777
2017-01-05 16:43:02
Milana.,канга синген "кыргызчылык"
Тиги дагы бироосунун эжеси,синдиси,досу,кудагыйы болсо керек да.Кур намыс уят деп журуп кыргыз озубуздун кетилип атканыбызды сезбей атабыз...
0
Kumarchik
2017-01-04 10:21:36
Бакчаданда жеп атасынарбы уят уят
+1
odin-takoy
2017-01-04 19:59:58
Мырза-Арыктан озгонго 30 сомдон такси отуз сом еле машина болсо эки литр бензин кетет. Барып кедишин алтымыш сом еле болот кайактагыны айтпасынчы
+1
jarkyn_jakta_jasha
2017-01-05 00:49:04
odin-takoy,бир таксини полный заказ кылса да 30×4=120×2=240 сом болот экен барып келиши
0
mega777
2017-01-05 16:40:42
Бала бакчадан баштап эле жеп атышат.Бу Кыргызстанда жалан эле кан соргучтар каптаганбы эмне баля...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан