Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур айылындагы Сарай өрөөнүндөгү жашоочулардын электр энергиясынын төлөмү боюнча маселеси көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына Кочкор районунун Электр тармактары ишканасынын башчысы Канат Кадыракунов билдирди.
"Нарын районуна караштуу Кара-Кужур айылындагы Сарай өрөөнүндө жашаган жашоочуларды Кочкор райондук электр кызматкерлери тейлешет. Аталган аймакта биздин 2 контролёр иштейт. Бир жылдан бери кызматкерлер текшербей жатат деген маселени карайбыз. Сарай өрөөнүндө 60ка жакын абонент текшерилбей калышы мүмкүн эмес", - деп билдирди Электр тармактары ишканасынын башчысы.
Маалыматка ылайык, Кара-Кужур айыл аймагында 900 абонент бар. Анын 40 пайызы мал чарбачылыгы менен алектенип, тоолордо мал багышат.
Ал эми Кочкор районунун акими Сарай аймагында жашаган калктын электр энергияга болгон төлөмдөрү 1 жылдан бери алынбай жатканынан кабары жок экендигин айтты.
Эске салсак, окурман "1 жылдан бери электр кызматкерлери текшерип келе элек. Эл акчаларын каякка төгөрүн билбей жатат. Бир күндө бир жылдык төлөмү менен айыпты чогуу төлөгүлө десе кантебиз?" деген суроо салган.