Кытайлык ойлоп табуучулар отко, сууга чыдамдуу жаңы кагаздын түрүн иштеп чыгышты

Кытайлык окумуштуулар отко чыдамдуу жана сууга эзилбеген кагаз ойлоп табышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Мындай кагаз азырынча башка өлкөлөрдө жок экендиги айтылууда. Кагазды Кытайдын Илимдер академиясынын алдындагы Шанхай институтунун профессору Чжу Инцзе жетектеген ойлоп табуучулар иштеп чыгышкан. Учурда ишкерлер жасаган эмгегине патент алууга аракет көрүп жатышат.

Кагаз ийкемдүү жана өтө бекем жасалган. 200 градус ысыкка чыдамдуу келет. Ага сүт, чай төгүлсө да эч кандай так калбайт. Ойлоп табуучулар аталган кагазды маанилүү мамлекеттик документтерге иштетүүнү жана колдонууну сунушташкан. Мындан сырткары атайын жарнактык баннерлерге да колдонсо болору айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG.Kushtarbek
2017-01-06 13:37:50
кытай балаа булар балее
+1
Aksikent96
2017-01-06 14:00:47
Азаматтар.
+5
ularik_kg
2017-01-06 15:21:56
Бул кагаздар кыргыстанга келсе чондорубуз кыйналып калышы мумкун ха ха
0
nur_zhoni
2017-01-07 00:41:12
Жоголбойтурган кагаз же китеп сыяктуу бир деме таап бергилечи биздин констутция жоголуп калтат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан