Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Кытайда жүрөт (фото)

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Кытай Эл Республикасына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Мамлекет башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин олуттуу маселелерин, эки тараптуу кызматташтыктын кеңири тармагы боюнча өз ара аракеттешүүнүн болочок пландарын талкуулашат, ошондой эле эки тараптын кызыкчылыктарына тиешеси бар эл аралык жана регионалдык маанидеги маселелер боюнча пикир алышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан