КҮНСЕРЕП: Биометрикалык маалыматтар террорчулардын колуна түшпөйт деген кепилдик жок

Бүгүн, 6-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайда иш сапары менен жүрөт. Сапар алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, кыргыз-кытай мамилесин, кызматташтык абалын талкуулайт. Президенттик аппараттан эл аралык жана аймактык маанидеги маселелер боюнча дагы пикир алышуу болорун билдиришти.

Бул сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытайды байланыштырган темир жол маселеси талкууланары күтүлүүдө. Белгилүү болгондой, Кытай Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан-Иран жана Түркия аркылуу деңизге чыгуу, андан ары Европа өлкөлөрүнө чыгуучу магистраль курууга кызыкдар. Темир жол курулушун каржылоого Кытай макулдук берип, бирок темир жолдун кеңдиги боюнча бир пикирге келүү көп убакытты алды. Кыргыз тарап жолдун кеңдиги 1 метр 52 сантиметр (КМШ өлкөлөрүнүн поезддери жүрүүгө ылайыкташкан) болорун айтса, Кытай тарап 1 метр 43 сантиметр (Кытай стандартына ылайык) болорун билдирип келген. Бул жагдайдан улам кыргыз тарап темир жолду курууга мурункудай кызыкдар болбой калган да учур болду. 2015-жылы мурунку транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов жетектеген делегация Кытайга барып сүйлөшүү жүргүзүп, Кытай тарап 1 метр 52 сантиметр деген сунушка макул болгону айтылган.
Мамлекет башчыларынын, өкмөттүн деңгээлинде бир катар сүйлөшүүлөр жүргөнүнө карабай иш баштала элек. Долбоорго ылайык, Кытайдан чыккан темир жол Ат-Башы аркылуу Жалал-Абадга келип, андан ары Өзбекстанга өтүшү керек. Жол маршрутунун экинчи варианты да талкууланып келет. Ал схема боюнча жол Эркеч-Тамдан башталып, өлкөнүн түштүк аймагы аркылуу Өзбекстандын Анжиян облусуна келип жетет. Темир жол курулса Кыргыз Республикасы аркылуу Кытайга жылына 15-20 миллион тоннага чейин жүк ташуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү. Жаңы курула турган темир жол аркылуу жакынкы жылдары Иранга, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү да ачылмак.

2016-жылдын декабрында Кыргыз жерине иш сапары менен Ирандын президенти Хасан Роухани келип, өлкө жетекчиси менен жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолун курууга кызыкдар экенин билдирген. Бул дагы бир маанилүү долбоор. Аталган темир жолдун бир бөлүгү Чоң-Алай району аркылуу (Эркеч-Там аймагынан Кара-Мык айылына чейин) өтүп, узундугу 215 чакырымды түзөрү болжолдонуп жатат. Бул жол курулса Кыргыз Республикасы транзиттик өлкө катары жылына 200 миллион доллардын тегерегинде пайда табышы мүмкүн. Мындан тышкары Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жолун куруу боюнча дагы долбоор бар. Бул маселе 2013-жылы 28-майда Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий саммитинде талкууланган. Азырынча аталган долбоорлордун бири да баштала элек. Бизге салыштырмалуу коңшу Казакстанда темир жол мүмкүнчүлүктөрү кенен. 2014-жылы Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолу ишке киргизилген. Ушул жагдайды жакында депутат Өмүрбек Текебаев баса белгилеп, Кыргыз өлкөсү темир жол куруу өңдүү перспективдүү долбоорлорго каражат бөлбөй, башка иштерге акча коротуп жатканын, коңшулардан артта калганын айтып сынга алган. Казакстан бир темир жолду куруп бүтүп, экинчисин куруп баштаганын айткан депутат Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушуна кетчү 1 миллиард долларды Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга жумшаса пайдалуу болмок экенин билдирди. Акыркы жылдары Кыргыз мамлекетинде башталган ири долбоорлорду көбүнчө Кытай каржылоодо. Мамлекеттик карыздын көбү да ушул өлкөдөн алынган. Президенттин бул сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун тагдыры чечилет деген үмүт бар...

Жогорку Кеңештин комитети 2016-жылдын 27-декабрында "Биометрикалык паспортторду ишке киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун артка кайтарган. "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев долбоор эмне үчүн кайтарылганы тууралуу бүгүн журналисттерге түшүндүрмө берди. Депутаттын билдиришинче, долбоорду каржылоочу булак так аныкталган эмес. Паспортторду алмаштырууда чыгымды ким төлөйт, мамлекетпи же жарандарбы? Дагы бир ойлондуруучу жагдай, Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттогу жарандардын өздүк маалыматтары ишенимдүү корголорун айтып кепилдик бере алган эмес. Белгилүү болгондой, биометрикалык паспортто жарандардын жеке маалыматтары сакталат. Паспорттогу микрочипте жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери жана башкалары боюнча маалыматтар болот. Ал маалыматтар мамлекет тарабынан бекем сакталышы керек. Алардын башка адамдардын, топтордун колуна чыгып кетиши терроризм, экстремизм күчөгөн азыркы кырдаалда абдан коркунучтуу. Депутаттар жарандардын өздүк маалыматтарын мамлекет бекем сактай аларына ишенбей жатышат. Башкача айтканда, биометрикалык маалыматтарды сактоого Мамлекеттик каттоо кызматы кепилдик бере албай турат.

Өлкөдө биометрикалык систем үчүн өкмөт, тагыраагы, Мамлекеттик каттоо кызматы жооптуу. Ал эми биометрикалык паспорт боюнча мыйзам долбоору депутат Дастан Бекешев тарабынан сунушталып жатканы да суроо жаратат. Муну менен өкмөт жоопкерчиликтен качып жатат деген пикирди айткандар дагы бар. Каржы булагы аныктала элек чийки мыйзамды Жогорку Кеңешке сунуштап шашылыш кабыл алууга кайсы зарылчылык түртүп жатат? Паспорт алмаштыруудагы чыгымды элдин өзүнө төлөтүп, кимдир бирөөлөрдү байытуу аракетиби же быйыл өтүүчү президенттик шайлообу? Жеке маалыматтарын коопсуз сактоого өкмөт кепилдик бере албай жатса, жарандар жаңы паспорттон баш тартары турган иш. Жасалма кыргыз паспорттору эл аралык издөөдө жүргөндөрдүн, чет элдик кылмышкердин, террорчулардын тегерегинен табылууда. Мындай фактылардын фонунда калкты биометрикалык паспортко өтүүгө мажбурлоо мүмкүн эмес...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан