Бишкекте "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балаты 15-январда жыйналат. Бул тууралуу 6-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал эми өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Ош шаарындагы 30 метрлик балаты Эски Жаңы жылдан кийин, 15-16-январларда алынарын аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Эскерте кетсек, борбордогу балатынын бийиктиги 29 метрди түзсө, диаметри 12,5 метрге жетет. Бишкек шаарынын жаңы жылдык жасалгасына 13 миллион сом бөлүнсө, Ош шаары 899 миң сомго жасалгаланган.