25-апрелде Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ооганстан боюнча 3-министрлик конференциясына катышуу үчүн Алматы шаарына учуп кетти. Конференция 26-апрелде Стамбул процессинин алкагында өтөт. Жыйындын жүрүшүндө Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Ооганстан, Индия, Казакстан, Тажикстан, Орусиядан келген делегация жетекчилери жана БУУнун Ооганстандагы башкы катчылыгынын атайын өкүлү менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстан үчүн маанилүү болгон пландуу сүйлөшүүлөр менен катар 22-апрелде Ооганстанда террорчулардын туткунунда калган кыргыз жараны Нургазы Конушбаевди куткаруу маселелери да каралат.