Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын мэри шайланат. Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов мэр шайлоого парламенттин айрым депутаттары кийлигишип, кимге добуш берүү керектиги боюнча кысым көрсөтүүлөр болуп жатканын айтып чыкты. Айтымында, учурда КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов менен "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында жүрөт. Мэриянын алдына адамдарды атайын митингге чыгарып шаардык кеңештин депутаттарына басым көрсөтүлүп жатканын айтып, ал жерге укук коргоо кызматкерлерин жөнөтүү боюнча өкмөткө тапшырма берүүнү талап кылды.
Бул маалыматтан кийин спикер Чыныбай Турсунбеков аталган эки депутатты парламентке чакыруу боюнча фракция лидерлерине тапшырма берди. "Ал депутаттар менен өкмөт эмес, парламентте өзүбүз сүйлөшөбүз", - деди спикер.
Белгилей кетсек, Аманкулов да, Жээнчороев да мурда Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон. Аманкулов шаардык кеңештин төрагасы кызматын аркалаган.