Кыргызстандын эң мыкты ойлоп табуучулары сыйланат

Бүгүн, 26-апрелде Бишкектеги Улуттук китепканада "КРнын интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы эл аралык жана улуттук интеллектуалдык менчик күнүнө" карата салтанаттуу жыйын өтөт. Аталган китепкананын басма сөз кызматы билдиргендей, иш чаранын алкагында "Эң мыкты ойлоп табуучу", "Эң мыкты ойлоп табуучу айым" аттуу наамдар ээлерине тапшырылат. Андан тышкары “Кыргызпатенттин” башкармалыгы тарабынан мыкты ойлоп табуучуларга, балдар чыгармачылык ийримдеринин жетекчилерине, техникалык жана гуманитардык ЖОЖдордун студенттерине стипендия тапшырылат. Аземге ЖКнын депутаттары, өкмөттүн, министрликтердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын илимпоздору, жазуучулар, композиторлор жана сүрөтчүлөр катышышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан