Жогорку Кеңештин депутаттары Курманбек Осмонов, Айнуру Алтыбаева, Жылдыз Жолдошова, Галина Скрипкина жана Олег Домшенко КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык туруктуу комиссиясынын жыйынына катышат. Жыйын илим-билим, экономика, каржы жана укуктук маселелер багытында өткөрүлөт. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, туруктуу комиссиянын жыйыны бүгүн, 26-апрель күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.