22-апрель күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган райондун мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери, Мамлекеттик архитектура жана Мамлекеттик каттоонун жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан айыл аймактарына тиешелүү жайыттардан 74 гектар жер мыйзамсыз түрдө жеке менчик турак жай курууга берилген. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.