Бүгүн, 12-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
2017-жылдын 1-январынан тарта Казакстан Кыргыз Республикасынын эт-сүтүн өз аймагы аркылуу автоунаада алып өтүүгө тыюу салды. Маалыматты Кыргыз мамлекетинин Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов тастыктап, Казакстандын айыл чарба министринин орун басарынын атынан чын эле кат келгенин, бирок каттын мазмунун түшүнбөй жатышканын айткан. Аталган инспекциянын өкүлүнүн билдиришинче, Казакстан "товарлар темир жол менен ташылсын жана бир гана станциядан жүктөлсүн" деген шарт койгон. Чектөөгө "Бишкек сүт", "Үмүт жана Ко", “Аю” өңдүү ата мекендик 15 компания туш болгон. Ошентип, Кыргыз мамлекети ЕАЭБге толук кандуу мүчө болгонуна карабай Казакстан биримдик берүүсү керек болгон жеңилдиктерди ыраа көрбөй жатат.
2016-жылдын соңунда Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосунда темир жол транспортун тейлөө боюнча келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Казакстандын аймагы аркылуу поезд менен Орусия жана Беларустан Кыргыз жерине же Кыргыз жеринен аталган өлкөлөргө ташылчу товарлар боюнча тарифтер арзандамак. Бирок транзиттик тарифтер арзандаганы менен, Казакстан жаңы коэффициенттерди киргизиши мүмкүн экенин SUPER.KG порталына өкмөттүн тийиштүү органынан билдиришкен эле. Расмий маалыматтар боюнча, 2016-жылдын 10 айында өлкөнүн ЕАЭБдеги өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 19 пайызга азайды. Ал эми Өзбекстан, АКШ, Кытай өңдүү өлкөлөр менен соода алакасынын көлөмү өсүп жатканын Улуттук статистика комитети билдирди. 2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кытай Кыргыз Республикасынын башкы соода өнөктөшүнө айланып, товар айлантуунун суммасы 1 миллиард 289 миллион долларды түздү же 1,5 эсеге өстү. Ошол эле учурда Орусия менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 27 пайызга төмөндөгөн. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикте өз кызыкчылыгын жетиштүү түрдө коргой албай жатканын моюнга алышууда. 2016-жылдын декабрында Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосунда атайын келишимге кол коюлган, ага ылайык, Кыргыз жеринде лабораториялар менен өткөрүү пункттарын ЕАЭБдин талабына ылайыктоого жардам катары Казакстан 100 миллион доллар бермек. Бул акча Кыргыз өлкөсү биримдикке кирери менен берилиши керек болчу, келишимге эми гана кол коюлуп отурат. Соңку окуялар 100 миллион долларлык жардамга таянууга болбой турганын көрсөттү десе болот. Каттын маңызын түшүнүүгө өкмөткө 10 күндөй убакыт кетти. 11-январда Кыргыз өкмөтү жолдогон катына жооп катары Казакстандын айыл чарба министринен расмий түшүндүрмө келгенин, анда автоунаада жүк ташууга эч кандай чектөө жок экени жазылганын айтып маалымат таратты. Ошентип, киргизилген чектөө кайра жоюлду. Чектөөлөр кабарланган Казакстандын биринчи каты тууралуу түшүндүрмө берилген жок.
Кандай болгон күндө да башкы жоопкерчилик Кыргыз мамлекетинин өзүндө. Товарларды эл аралык стандартка шайкеш келтирүү иши эмдигиче жолго коюла элек. Өлкө альянска даярдыксыз кирип алганы айтылып, сындалып келе жатат. Бирок керектүү иштерди өз убагында жасабаган чиновниктерди жоопкерчиликке тартууну талап кылган жан жок. Өнөктөш өлкөлөргө таарыныч билдирип отура берүү менен көйгөй чечилип кетпеси анык, өлкө өз күчүнө гана ишенүүсү керек. Өлкө экономикасын ЕАЭБдин шартына ылайыкташтырууга, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө коротулат делген Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каражаты "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясына "акылдуу" эсептегичтерди, бюджетке 200 миллион доллар зыян келтирди деп күнөөлөнүп жаткан "Кыргыз темир жолу" ишканасына вагон сатып алуу өңдүү башка иштерге жумшалганы жатат. Ал эми Кыргыз өкмөтү "ЕАЭБге кирбесек абалыбыз мындан да жаман болмок" деп өзүн да, элди да сооротууда...
Күч органдарынын үстүнөн жарандардын “кыйноого кабылдык” деп арызданган учурлары көп кездешет.
Жети-Өгүз РИИБинин кызматкеринин үстүнөн “шалаакылык” беренеси боюнча райондук прокуратура кылмыш ишин козгоду. Окуя үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 8-январга караган түнү болгон. Тамга айылындагы мейманкананы өрттөөгө шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү ошол эле түнү бут кийиминин боосуна асынып каза болгон. Мындай окуялар укук коргоо кызматкерлери тарабынан жасалган кыйноолордон улам келип чыгышы мүмкүн деген ойду жаратат. Тартип боюнча убактылуу кармоочу жайга жарандарды жанындагы миздүү, учтуу буюмдары, бут кийимдин боосу, кур сыяктуу нерселери менен киргизүүгө болбойт. Ошондуктан "Муунуп алууга шектүү бут кийимдин боосун кайдан тапкан?" деген суроо жаралат.
2004-жылы Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайында Ташкенбай Мойдунов аттуу жаран каза тапкан. Башында милиция кызматкерлери жүрөк пристубунан каза болду дешсе, кийин асынып алды дешкен. Бул боюнча аталган РИИБдин эки кызматкери "шалаакылык" боюнча соттолуп, бири маркумдун үй-бүлөсүнө 30 миң сом төлөп берип, экинчиси өлкөдөн чыгып кеткен. 12 жылдан кийин, кечээ, 11-январда Жогорку Сот маркум Ташкенбай Мойдуновдун туугандарына компенсация төлөп берүү жөнүндөгү Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Милиция кызматынын имаратындагы адам өлүмү үчүн мамлекет жооп берет, андыктан каза тапкан маркумдун жакындарына мамлекеттин эсебинен 200 000 сом компенсация төлөнүп берилиши керек.
2015-жылдын 11-октябрынан 12сине караган түнү №50-СИЗОдон коркунучтуу делген 9 кылмышкер качып, ал бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салган. Качкан кылмышкерлердин колунан абактын 3 кызматкери, кийинчерээк дагы бирөө ооруканада каза болгон. Качкандардын баары кармалып, алардын үчөө кармоо учурунда, үчөөсү абакта өлгөн. Кылмышкерлер качкандан туура бир ай өткөн соң №50-СИЗОнун ошол кездеги жетекчиси Иманкул Телтаев №1-СИЗОго камалган эле. 20-ноябрда абак кызматкерлери аны асынган абалда табышкан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча "СИЗОго киргизилгенден кийин ал ден соолугу боюнча даттанып, медициналык бөлүмгө жайгаштырылган. Палатада жалгыз болгон. Телтаев өз шейшебине асынып алган" деп билдирген. №50-СИЗОдон кылмышкерлердин качуу окуясы боюнча чуу ушуну менен жабылып калды. Абактан качкан кылмышкерлердин арасынан тирүү колго түшкөндөрүнүн үчөө удаасы менен эле биринин жүрөгү кармап, биринин дагы бир жери ооруп каза болуп калганын деле аягына чыгып иликтеген орган болгон жок.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын наамына түшкөн арыздардын ичинен УКМК, милиция тарабынан кыйноого кабылгандар көп кездешет. Аталган институттан берген маалыматка таянсак, өлкөдө 2011-жылдан бери кыйноо боюнча 46 кылмыш иши сотто создугуп келет. Бул жылдар аралыгында кыйноо боюнча айыпталган милиция кызматкерлерине карата 2 гана өкүм чыккан. Башкы прокуратура кыйноо боюнча 2014-жылы 16, 2015-жылы 34 кылмыш ишин козгогон. Акыйкатчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда 2016-жылы укук коргоо кызматкерлеринин үстүнөн кыйноолор боюнча 47 арыз түшкөн. Бул арыздардын негизинде Акыйкатчы институтунан прокуратурага кайрылуу жасап, текшерүү жүргүзүшкөндө бири дагы кыйноо катары сыпатталган эмес же арыздар негизсиз деген жооп келген. Кыйноого кабылган жарандардын укугу сот аркылуу корголуп, компенсация төлөнүшү кийинки мындай иштердин алдын алышы мүмкүн. Бирок адамдын укугу көзү тирүү кезинде корголгону маанилүү...