АКШнын Республикачыл партиясынан чыккан Бадди Картер президент Дональд Трампты "Нобель" тынчтык сыйлыгына көрсөтүү тууралуу Нобель комитетине расмий кат жөнөттү. Ал өз катында Трамптын Израил менен Ирандын ортосундагы согушту токтотууга кошкон салымын «өзгөчө жана тарыхый» деп баалады.
«Президент Трамптын таасири көпчүлүк мүмкүн эмес деп эсептеген тынчтык келишиминин тез арада түзүлүшүнө олуттуу таасир берди. Ошондой эле ал Ирандын өзөктүк амбицияларын токтотуу жана дүйнөдөгү эң ири террорчулукка колдоо көрсөткөн мамлекет өзөктүк куралга ээ болбой турушу үчүн чечкиндүү аракеттерди көрдү», — деп жазылат Fox News жарыялаган кайрылууда.
21-июнда Пакистандын өкмөтү дагы Дональд Трампты "Нобель" тынчтык сыйлыгына көрсөттү. Алар бул кадамды Трамптын Пакистандын жана Индиянын ортосундагы аскердик жаңжалга чечкиндүү дипломатиялык кийлигишүүсүн таануу катары түшүндүрүштү. Бирок Индиянын премьер-министри Нарендра Моди тараптар аскердик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр аркылуу келишимге жеткенин билдирген.
Дональд Трамп буга чейин бул сыйлыкка татыктуу экенин белгилеген.