Бишкектин көчөлөрүнө бүгүн, 26-апрелде 180 түп көчөт отургузулат

Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 180 даана бак-дарак көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан "Интербилим" борбору билдирди. Көчөттөр борбор шаардын Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишине отургузулмакчы. Айта кетсек, бул  иш-чара “Жаштардын жакшылык аптасы- 2013” аттуу акциянын алкагында өтүүдө. Максаты - жаратылышка кам көрүү менен бирге жарандарды айлана -чөйрөгө карата камкор, жоопкерчиликтүү болууга үндөө болуп саналат. Уюштуруучулар иш-чарага бардык жарандарды катышууга чакырат. Акция саат 14:00дөн 15:00гө чейин болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан