Бүгүн, 26-апрелде ЖКда "Ар-намыс" фракциясы Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2012-жылга карата отчётун жана автоунаа, темир жол транспорттук комплекстерин өнүктүрүү стратегиясын кароону кийинкиге жылдырды. Депутат Абдрахман Маматалиев белгилегендей, жыйынга аталган министрликтин жетекчиси өзү чакырылган, бирок анын ордуна статс-катчысы Максат Дыйканов келген.
“Биздин бул багытка карата суроолорубуз абдан көп. Докладда болсо жалаң гана сандар жазылыптыр. Авиация боюнча маалыматтар бар экен, бирок транспорт деген башка кеп, андан көрө бул маселени кийинкиге жылдыралы”,- деп билдирди депутат. Калган депутаттар анын пикирине макул болушуп, Транспорт министринин отчётун кийинки жолку угууга калтырышты.