Жогорку Кеңештин КДСП жана "Ата Мекен" фракцияларынан депутаттары Абдывахап Нурбаев жана Наталья Никитенко өлкөдөгү мектептерде окууну 15-сентябрда баштоого каршы.
А.Нурбаев журналисттерге билдиргендей, КСДП фракциясы аталган маселе боюнча жыйын өткөрө элек. "Жеке пикирим боюнча, окуунун башталышын жылдырууга зарылчылык жок. Май айынын экинчи жарымында аба ырайы ысык болот. Мындан улам окуш оор. Мындан тышкары сабактар азайып калат, окуучулар окуу программасын толук ала албай калышат", - деген пикирин айтты Нурбаев.
Н.Никитенко "жашы жете элек балдарды иштетүү мыйзамга каршы келет" деп, аталган демилгеге каршы пикирин түшүндүрдү. "Ар бир бала сапаттуу билим алышы керек. Окуунун башталышын жылдырууга негиз жок. Биз дагы фракцияда бул маселени карай элекпиз, бирок комитетте талкууланганда мен каршылыгымды айткам", - деди "ата мекенчи" депутат.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасында мектептерде окууну 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда баштоону депутат Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") демилгелеген. Анын айтымында, эгер окуунун башталышы жылдырылса, аймактарда балдар ата-энелерине түшүм чогултуу иштери боюнча жардам бере алышат.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги мындай өзгөртүүгө каршы эмес.