Бүгүн, 26-апрелде Бишкектеги Октябрь райондук администрациясы “Жаш муун - Инсан” кайрымдуулук фонду менен биргелешип “Мен - коопсуздук жана укук тартиби үчүн” аттуу акция өткөрөт. Иш-чаранын максаты - жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат. Иш-чара Кара-Жыгач жаңы конушундагы №91-орто мектепте өтүп, анда “Кооптуу муундар: чындык менен жалгыздык” аттуу сүрөт көргөзмөсү, “Туткун” аттуу тасма тартууланат жана кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону Ален Офойо окуучуларга машыгуу ыкмаларын үйрөтөт.