Нарында Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына "Чернобыль баатыры" деген медалдар берилди

Бүгүн, 26-апрелде Нарын облустук администрациясында Чернобыль окуясынын 27 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Анда облус жетекчисинин орун басары Чынара Абдраимакунова, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев жана облустук, райондук мекемелердин жетекчилери сөз сүйлөштү. Аталган кырсыктын катышуучулары иш-чаранын сыйлуу коногу болду.

“Чернобыль кырсыгына коркпой катышып, эрдик көрсөттүңүздөр. Сиздерге бекем ден соолук жана узун өмүр каалайм. Арабыздан өтүп кеткен Чернобыль окуясынын катышуучуларын унутпайбыз”,- деди Ч.Абдраимакунова. Кырсыктын катышуучуларына өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Ардак грамоталарды жана “Чернобыль баатыры” деген медалдарды тапшырды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган облуста Чернобыль окуясынын 83 катышуучусу жашайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан