Жоомарт Сапарбаев: "ИИМ Азиз Батукаевдин учуп кетип жаткандыгы тууралуу билбептир"

"ИИМ Азиз Батукаевдин учуп кетип жаткандыгы тууралуу билбептир". Мындай маалыматты бүгүн, 26-апрелде “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушун жана Кыргызстандан чыгып кетишин иликтөөчү депутаттык комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев билдирди. Айтымында, Ички иштер министри жана анын орун басары дагы эч нерсе билишкен эмес. “Ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөнов Ички иштер министри Абдулда Суранчиев сыяктуу эле Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы тууралуу эч нерсе билбегенин айтты. Негизи эң биринчилерден болуп ошол адамдар билиши керек эле. Фурхат Усеновдун айтымында, ал "мыйзамдагы уурунун” кеткендиги тууралуу маалыматты 10-апрелде гана алган”,- деди депутат. Эске сала кетсек, Батукаев оор кылмыш боюнча айыпталып, 2006-жылы 16,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал буга чейин Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, 9-апрелде ден соолугуна байланыштуу эркиндикке чыгарылып, ошол эле күнү Грозный шаарына учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан