"Баткен-табигый ресурстарга жана баалуу кен байлыктарга бай облус". Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов “Баткен-2013” аттуу Баткен облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча 1-эл аралык форуму учурунда айтты. Ал билдиргендей, Баткендин Сүлүктү шаарынан Тажикстандын Согди облусуна чейинки темир жолду оңдоого тажик тарап кызыкдар. “Биз Кыргызсатнда стабилдүүлүк болсо дейбиз, себеби бул нерсе кошуна өлкөлөр менен болгон кызматташтыкты өнүктүрөт”,- деди элчи.