Ички иштер министрлиги: "Учак кырсыгы теракт эмес"

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 17-январдагы жыйынында өкмөт мүчөлөрү Бишкектеги учак кырсыгы тууралуу маалымат беришүүдө. Жыйын авиакырсыкта каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асановдун айтымында, учакта жарылуучу заттар болгон эмес. "Бул окуя теракт болушу мүмкүн эмес. Азырынча бир "кара куту" табылган. Аны ачыш үчүн комиссиянын уруксаты керек", - деди ал.

Транспорт жана жол министрлигинен билдиришкендей, учакта жалпысынан 3 "кара куту" болгон. "Табылган "кара кутуда" борттун параметрлери жазылган. Бизге учкучтардын сүйлөшүүсүнүн жазуусу керек болууда", - деди транспорт жана жол министринин орун басары Гүлмира Абдралиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан