"Элдик видео" бөлүмүнө "Маймылдар да аза күтүшөт" деген аталышта видео жүктөлдү (ник: Aki-meki).
Видеодон маймылдардын лангур түрүнө кирген топтун өзүнчө чогулуп, аза күтүп жаткандай түр көрсөткөн маанайын көрүүгө болот. Көрсө, BBC телеканалы атайын даректүү тасма үчүн маймылдардын арасына тыңчы-роботту кошуп койгон экен. Тагыраагы, адистер тасма үчүн лангурлардын өзүнө окшош роботту иштеп чыгышкан. Ага орнотулган камера аркылуу жандыктардын тобу кичинекей балдарына кандай кам көрөрүн аныкташмак. Бирок робот кокусунан кулап түшкөн да, сынып калган. Аны өз баласындай кабыл алган маймылдар аны өлдү деп ойлошуп, баары чогулуп, бири-бирин сооротуп башташат. Чынында эле видеодо маймылдар ыйлап, аза күтүп жаткандай элес калтырат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.