Бүгүн, 17-январда Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна Нарындагы Жерге-Тал айылынан Руслан Белеков эки кызынын сөөгүн алып кеткени келди. Руслан Белековдун жакында эле атасы каза болуп, эки кызын кошунасыныкына таштап, атасын жерге берүү зыйнатына кичи мекенине кеткен. Эми минтип атасы менен коштошо элек жатып эки кызын өлүкканадан алып кетүүгө аргасыз.
Анын ый аралаш сөздөрүнөн атасынын жаназасы бүгүн окулмак экенин түшүндүк. Жанында аны коштогон жээни Белековдун жубайы каргашалуу окуядан он гүлүнүн бири ачыла элек эки кызын тең жоготконун Нарындан угуп, бул жакка келүүгө чамасы келбегенин билдирди.
Руслан Белековдун кыздарынын улуусу 13тө, кичүүсү 6 жашта болгон.