УКМК: Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбуктагы билдирүүсү текшерилип жатат

Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбуктагы билдирүүсү текшерилип жатат. Анын жыйынтыгында укуктук баа берилет. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда УКМКдан SUPER.KG порталына билдиришти.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов ("Бир бол") интернеттеги социалдык тармактарда айрым колдонуучулар авиакырсыкты табалап жатышканына нааразычылыгын билдирип, укук коргоо органдары интернетте элди бөлүп-жаргандарды аныктап, жыйынтыгы боюнча парламентте маалымат бериши керек экенин айткан.

16-январдагы апааттан соң Таттыгүл Дооталиева Фейсбуктагы баракчасына мерт болгондор өлкөнүн түштүк аймагынан экенин айтып, “өздөрүнөн көрсүн” деген өңүттө пикир калтырган. Кийин анын Медициналык академиянын окутуучусу экени аныкталган.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Аэрофлот дачалык тилкесине жүк ташуучу учак кулап, жалпы 38 адамдын өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
ALMAAAN
2017-01-17 18:49:06
Жазалаш керек бундайларды
+2
Parish
2017-01-17 19:12:17
Баарыбыздын журогубуз канап кайгы тартып отурганыбызда, мындай создорду жазган адам
жооп бериши керек.Рас асманда жашабагандан
кийин баарыбыз бирбиз.
0
Gsuita
2017-01-17 19:43:15
Өзү жазбаганда ким жазмак. Ким эле бирөөнүн атынан кирип жазсын. Ички дүйнөсүндөгү жек көрүүсүн ачык билдирип алыптыр да. Биз эгерде түштүктө төрөлүп,чоңоюп калсак ал кудайдын каалоосу. Эч ким улутун, жерин,ата-энесин ж.б өзү тандабайт, ал кудайдын буйругу. Кудайым өзү жазаласын сени, сага окшош улут бөлгөн ХХХ. Журт башына кайгы түшкөндө табалаган ХХХ
+5
anonymous
2017-01-17 19:45:08
Бул кыз чыныгы кыргыз эмес чыныгы кыргыз антип жазбайт өзү калмак болуп чыгышы мүмкүн катуу жаза берилсин сабак болот
+3
Seiil.94
2017-01-17 20:31:56
anonymous,туура айтасын
+1
Patriotkgz93
2017-01-18 11:26:16
Seiil.94,. Ушундай акмак адамдарда бар экенда эээ. Тообо бөлүнбө бөөрүгө жем болосун
0
Mali-Guli
2017-01-17 19:55:04
Уяты жок! XXX! эл бузар десе! Кыргыз кан жутуп турганда туштук тундукко болгон арам! Жазасын бергиле соссуз!!!
+4
cyrus
2017-01-17 20:58:04
Бул журт бузарды Кыргызстандан кууп эле салыш керек.
+2
etaj_rus79
2017-01-17 21:09:53
бул кызга мамлекет жазааны тездетпесе каны кайнаган адасдарыбыз озу жазаасын колуна карматат
+2
KGstan1981
2017-01-17 21:32:50
Бул жерде бизде бирдиктуу мамлекеттик жана улуттук идеологиясы жоктугунан мындай терс корунуштор болуп жатат.Мамлекет Оштон жана Чуйдон баш кошкон(ж.б региондордон) эки жаштарга стимул жардам комок корсотуш керек.А бул Татыгул аттуу айым кыргыздын Таттыгул деген атына татыктуу эмес жана кечиресиздер созум каттуу тийсе адамдар олуп жатса алакандай кыргыз элимди болуп жаткан бул айым Кыргыз деген улутка дагын татыктуу эмес бул айым XXX деген атка татыктуу.
+1
admin_portal
2017-01-18 09:59:46
KGstan1981, этика нормаларын сактаңыз!
0
roklait
2017-01-17 22:33:35
Бул Таттыгүл дегени кыргыз эмес окшойт,чынын сураштырганда башка улуттан болушу да мүмкүн. Жазганыда орусча.
0
Jakulya
2017-01-18 00:29:16
Каттуу жазалаш керек ХХХ.Мен эки колум менен Замын
+1
admin_portal
2017-01-18 09:59:29
Jakulya, Mali-Guli, этика нормаларын сактаңыздар!
0
nurik838383
2017-01-18 00:35:30
Дагы окутуучу имиш медакадемияда, чынында эмне эле кызганасынар оштуктардан бишкеке, андай кызганат экенсинер борборду ошко которгула, анан королу, Дооталиевага окшогондордун минтип суйлогонун
+1
Umka636589
2017-01-18 00:44:32
Акталганда деле эми эл сени тынч койбойт го,
+1
orxidey
2017-01-18 01:50:41
Кыргызстанда жашай албай калдыго .....
0
portugalia
2017-01-18 08:39:17
ойноп суйлосон да ойлоп суйло дейт.Созуно жооп берсин эми
0
tasnim
2017-01-18 12:15:50
Айбандан айырмаң жок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан