Учурда Бишкек шаарындагы өлүкканада медициналык кол кап, халат, ак кагаздар жетишсиз болууда

Бишкек шаарындагы өлүкканада учурда медициналык кол кап, бут кийим, бир ирет жана көпкө колдонулуучу халат, А4 форматындагы кагаздар жетишсиз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

"Бул кызматтын учурдагы абалын түшүнүп турам. Көптөгөн документтерди толтурууга туура келүүдө. Мына азыр эле бир сөөктү экспертизага алып келишти. Өлүккананын мышык ыйлагандай абалы, керектөөлөрү жөнүндө буга чейин бир нече жолу айтылып келген. Андыктан байланышыңыздар", - деп жазган Е.Баялинова.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-январда болгон авиакырсыктан улам каза болгондордун саны 38ге жетип, бир нече адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
juraeva
2017-01-17 18:17:27
Жок дегенде ушул жок көйгөйүн бүгүнчө жөн эле койбопсуңар !!!! Мамлекеттин деңгээли ушунчалык начар экени өкүндүрөт! Кресло, төш белги, машина ж.б.нерселерге кетирбей, ушуга окшогон майда көйгөйлөрдү чечсе болбойбу? Биздин атка минерлерибиз челкийтип курсак салып , калп эле күйгөн киши болушат. Ушул макаланы окуп алып, бардык атка минерлерге жана ушул көйгөйдү айткан өлүккананын жетекчисине наалат айтам!!! Кыргыз элим бүгүн аза күтүп олтурганда, ушул болбогон тыйынды көйгөй кылып жатасыңар?
+11
shamalchanin
2017-01-17 18:19:41
Ушул жерде да кайрымдуулукка чогулган акчадан бергиле дебесе болду да. Кантип ушуну айтышат жетишпей атат деп ,,,шерменде эле! Коншу мамлекеттерге ушинтип уят боло элегибиз калды эле!
+12
barakcha
2017-01-17 23:14:39
shamalchanin,эми бул элден ак кагаз умут эткендегиси.Гум.жардам берип атканда бирден ак кагаз кошуп койгула деген намек.
+3
juraeva
2017-01-17 18:19:45
Эмнеге тоок(....) бир жерине келгенде какылыктайт?
0
shamalchanin
2017-01-17 18:20:45
Эээээээ. Эмне дешимди да билбей калдым го!!! Позор (((
+8
Ayka93
2017-01-17 18:57:28
Кайрымдуулука чогулган акчадан алгылары бар да ээ качанга чейин жеп жутам дейсинер
+9
gul.1995
2017-01-17 19:21:29
Уят эле, куйбогон жерим кул болду го(((
+6
Adidas_91
2017-01-17 21:05:01
Атиң ай атиң эмне деген жерде жашап жатабыз. Ушундай чоң жоготуу болуп жатса,бул ХХХ мелоч нерселерди жок деп олтурганы күйбөгөн жериң күл болотко. Ушундай ХХХ айынан КЫРГЫЗСТАН деген мамлекетти башка өлкөлөргө уят кылып бүтрдүңөр.
+5
Rakyl12
2017-01-17 21:30:51
ой ээй уятда Эми кошуналар укса эмне дейт. кагаз жардам берелиби.
+4
tyrgon
2017-01-17 22:05:31
бул Минздравтын коррупцияга белчесинен эмес кокосунан батканын жана ошо жеген акчаларга комулуп каларын айтты кагазда эмес кеп.
0
tyrgon
2017-01-17 22:12:00
алтын жалатылган тош белги жасашыбыз керек биз эмне керекги бар бизге моргтун кызыксынарго ;-)
+3
tyrgon
2017-01-17 22:14:15
тее алыскы заставаларга цитромон менен аналгин эле барат башка даарылар деле заставаны коргон да эмес
+4
Zanzibara
2017-01-17 23:12:29
Кечээ эле саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Батыралиев ага бүткүл элди каратып туруп "эч кандай кем карчы жок баары жетиштүү" - маек берип жатпады беле?! Бир пачка кагаз эки жүз сом турат А4 ошол кагаз жок болгон соң, тиги иииилгерки комп жөнүндө сөз айтууга ооз барбайт. Мактанып эле маек бере беришпей реалдуу жагдайды карап системаны качан ондошот болду экен ия?????
0
nurik838383
2017-01-18 00:28:29
Эми олгон адамдан да бирдеме умут кылып атасынарбы, бетинер бет экенго медиктер
+3
xnurgul_gul
2017-01-18 05:28:40
Бул биздин олко ушунчалык жакыр олкобу эй эчтеке жок бийик имаратта орт чыкса очургуч жок олуканада кагаз жок эшек минеерлер силерге мин наалат айтам Атанарга наалат шерменделер ушул мелочь ту ушундай кундо айтпай эле койбопсунар позооор
+1
madina.87
2017-01-18 08:35:40
Ошол моргго да бир офис ачкыла.
Кагаз,ручка,перчаткилерден алып барып беребиз.
Элден айлангыла силер.
Бизге да бир нерсе берип ийишеби деген илгери умут менен айтып жаткан маалы го .
Тиги ууру акелеринерге айтсанар бир "Айфон"ду сатып кем карчынарды толуктап берет!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан