Депутаттар үч күндүк эмгек акысын авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө которушу мүмкүн

Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында депутат Улан Примов кесиптештерине үч күндүк эмгек акысын авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө которууну, бул маселени бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Мындан тышкары депутаттар учак кырсыгы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну демилгелешти. Жыйынтыгында бул маселе күн тартибине киргизилип, саат 11:00дөн кийин карала турган болду.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Аэрофлот дачалык тилкесине жүк ташуучу учак кулап, жалпы 38 адамдын өмүрүн алган. Өкмөт жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына 70 миң сомдон жардам берилерин билдирсе, президент 100 миң сомдон, Жогорку Кеңештин төрагасы 80 миң сомдон бөлгөнү жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lewa90
2017-01-18 11:33:38
бир жумалык маянасын берсе деле болмок
0
Rifle_I
2017-01-18 15:38:59
Биз ойлонбой туруп эле макул болгонбуз. Караппйым эл кайра кайрымдуу болот, жепжутаттарга караганда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан