КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кытайда куш тумоосу күчөп жаткандыгына байланыштуу ал жактан өлкөгө келген жарандарды текшерүүдөн өткөрүүнү күчөтөт. Айта кетсек, Кытайда марттын башынан бери куш тумоосунан 22 адам каза болуп, жугузуп алгандардын саны 108ге жеткен. "Буга байланыштуу Кыргызстанда дагы оорунун алдын алуу максатында Кытай менен чектешкен чек арадагы санитардык-карантиндик пункттарды, "Торугарт", "Эркечтам" чек ара бекеттери жана “Манас” аэропорту катуу көзөмөлгө алынат" деп билдирет министрлик. Белгилүү болгондой, аталган пункттарда 5-6 метр алыс аралыкта келе жаткан адамдын температурасын текшере турган көзөмөлдөөчү жабдыктар орнотулду. Мындай көзөмөл куш тумоосу дүйнөдө жана анын ичинде Кытайда басылмайынча улана бермекчи. Эске салсак, куш тумоосунун H5N1 түрүнөн 2003-жылы дүйнөдө 300гө жакын адам көз жумган.