Интернетте элди бөлүп-жарган деген Таттыгүл Дооталиева жумуштан алынды

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучу болуп эмгектенген Таттыгүл Дооталиева интернетте авиакырсыкта каза болгондор тууралуу жазган негативдүү билдирүүлөрү үчүн жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда SUPER.KG`ге аталган жайдын басма сөз катчысы Абибила Пазылов билдирди.

Анын айтымында, Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык (тарбия берүүчү функцияларын аткарган кызматкердин адепке туура келбеген жоругунан улам бул жумушун уланта албайт), ректордун буйругу менен жумуштан бошотулду.

"Тарбия иштери менен алектенген адам коомдук адепке туура келбеген, авиакырсыкта каза болгондордун дарегине түрдүү билдирүүлөрдү айтканына байланыштуу жумуштан алынды", - деп билдирди Пазылов.

Белгилей кетсек, 16-январдагы кырсыктан соң Таттыгүл Дооталиева Фейсбуктагы баракчасына мерт болгондор өлкөнүн түштүк аймагынан экенин айтып, “өздөрүнөн көрсүн” деген өңүттө пикир калтырган. Кийинчерээк анын Медициналык академиянын окутуучусу экени аныкталган. Ошондой эле кечээ, 17-январда УКМК Дооталиеванын Фейсбуктагы билдирүүсү текшерилип жатканын, анын жыйынтыгында укуктук баа берилерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
baltabai
2017-01-18 11:21:26
Жакшы болуптуурго
+3
isnur93
2017-01-18 11:21:53
ХХХ болот" деп бекеринен айтылган эмес экен эле да,кысып журсо ушундай болмок эмес.
+3
admin_portal
2017-01-18 11:27:27
isnur93, Seiil.94, Munar8625, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.Эскертүү!
0
Munar8625
2017-01-18 11:23:16
жанылбас жаак мудурулдос туяк болбойт мыны Кудайдын жазасы .ХХХ бай болот дейь
-2
Sveta23
2017-01-18 11:26:03
Неси мугалим. Асынып эле алсын эми
+9
89elnura89
2017-01-18 11:52:50
Мындай томонкуу даражадагы адам окутуучу боло албайт.
+8
Aijamalosh
2017-01-18 11:54:47
Ушундай мугалимден билим алган кайран гана студенттер.
+5
argen.kg4
2017-01-18 12:29:14
Орусияга мигрант болуп кетет эми.Озуно озу душман болгонуна акылы жетер бекен эми же болунуп жаман коруусу дагы куч алабы?
+2
ulchana
2017-01-18 12:49:47
Расс эле болуптур,бирок олгондор кайтып келбейт да.Элдин алдына чыгып Оштуктардан кечирим суратпаптыр.Кичине болсо да уяты калса озу видео мн кечирим сурайттыр.Алтынай Жайнаковачалык жокпу
+2
Sajakat14
2017-01-18 13:15:38
Биз бир элбиз!!!!!!! Антип бөлүп жаргандарга жол бербейбиз! Түштүк регионубузду кыйратып бутунан тургуза алган жокпуз! Түштүктөгү кыргыздарыбыз кыйналганынан Бишкекке көчүп келип жатышатда! Ал жакта жашоо жыргал болсо отура эле беришет элего ошол жакта эле! Тимэле укмуш жазыптыр тигил өзүн элден "өзгөчө" сезген "айым"! Мындай "акылдуулардын" ою боюнча эмне түштүктүк кыргыздар Бишкекке келгенге акылары жокпу? Же алар эмне өз мамлекетинде ээн эркин көчүп жүрө алышпайб
+3
Sajakat14
2017-01-18 13:19:41
Мен түштүктүк эмесмин! Кыргызстандын кайсыл бурчундагы кыргыздар болбосуг алардын баары менин элим! Менин жердештерим! СССР убагында Кыргызстандын түштүгү менен башка региондоруна каттоого түз жол жок болуп катышып, аралаша алган эмеспиз. Арабызга кыргыз эли канча калкты батырып эле жашап келе жатат! Өзүбүздүн түштүктүк кыргыздарыбызга пейилибизди таарытабызбы анан? Акылсыздык бул! Эл бузаарлар түрмөгө жатыш керек! Жумуштан эле алып кою аздык кылат!!!
+1
nurbek11
2017-01-18 15:27:06
Окуу жай эн туура чечим чыгарыптыр.Бирок укмк болсо эскертуу эле бериптир. Бир болсо акча менен укмк ны басты окшойт. мамлекет бир окуу жайчалык да жаза бере албады. Уят акча десе эл душманын да актап жиберген ХХХ. Окуу жайдын ректоратына терен ыраазычылык биддирем.
+1
Bubu88
2017-01-18 15:32:25
Эки күндөн бери айтып атып чарчап деле буттук окшойт, койгула эми нерв иштетип жазбай деле койгула. Бул кыздын аты жөнү бешиктеги баладан бери белгилүү болду. Эми алдыгы бетин табактай кылып дагы буту жеткен жерге чейин чуркап көрөт болбосо темселеп жүрүп жүрүп дагы бир жагына жоголот. Кыргызстанда жашаганга деле бети калбады. Бирок ушул адам сымал неменин жазган комментарийи канчалаган кыргызды бириктирди бул жагына рахмат
-2
Revolyutsiya
2017-01-18 19:52:20
Университет жетекчилиги оз милдетин аткарыптыр. Бирок бул жаза жетишсиз. Бир элдин ортосуна ажырым таштап кара ниеттиктин уронун сепкен улуттун жузу карасын эч болбосо 2-3 жылга жалпы абакка кесуу керек. Шарттуу (условный) абакка кесуу жетишсиз... Биздин олкодо адилеттуулук бар же жок экендигин ушул аялга татыктуу жаза берилип берилбегенинен улам билебиз... Биз адилеттуу жаза кутуп калабыз!!!!!
0
semo
2017-01-19 00:09:40
Ушуга окшогон бөлүнгөндөр кыргызстандын түбүнө жетет
0
Boldukan86
2017-01-19 00:32:43
бир азгана кыргызбыз. болуп иргеп суйлогон акмактар олуп эле калгыла улуттун онугушуно ушундайлар ушул кунго чейин бут тосуп келе жататда. канча канча башка улуттар жашап журот батып. дагы мугалим имиш. уяты жок. туштуктун акчасын алып жашап журсон керек. жарытарлык мугалим эмес. ушундай кундо кантип кантип оозу барды, адам баласы эмесго деймин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан