Кыргызстандын жана Түркиянын Тышкы иштер министрлери Ооганстандагы туткундарды чыгаруу боюнча сүйлөшүштү

26-апрелде Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Астанада өткөн эл аралык конференция учурунда Түркиянын Тышкы иштер министри Ахмет Давгутоглу менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-түрк байланыштарынын өнүгүүсү, Ооганстан боюнча Стамбул процессинде аймактык коопсуздукту камсыз кылууда жемиштүү кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Эрлан Абдылдаев Ооганстандын Логар провинциясында террорчулардын туткунунда калган Түркия бир нече жана Кыргызстандын 1 жаранын бошотууда эки тарап бирдиктүү аракеттерди жасашы керектигин белгиледи. Өз кезегинде Түркиянын Тышкы иштер министри Ооганстандагы туткундарды чыгаруу боюнча Түркияда тажрыйба бар экендигин айтып, Кыргызстанга бул маселе боюнча жардам берүүгө даяр экендигин айтты.

Эске сала кетсек, 22-апрель күнү кыргызстандык Нургазы Конушбаев жана Түркия, Орусия, Ооганстандын 10дой жараны бара жаткан МИ-8 тик учагы авариялык абал жаралгандыктан Логар провинциясына конгон. Көп өтпөй учактагылардын баарын ооган террорчулары туткунга алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан