“Талас облусунда коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүүдө”,- деп билдирди бүгүн, 26-апрелде өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн укук коргоо, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жоомарт Момбеков.
Анын айтымында, бул багытта иш алып баруу үчүн өкүлчүлүктүн алдында атайын Координациялык кеңеш түзүлүп, 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттерди жүргүзүү боюнча иш-чаралар иштелип чыккан. Буга байланыштуу облустук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан 2013-жылдын 1-кварталында 38 текшерүү иши жүргүзүлүп, анын натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 353 миң 708 сомдук зыян келтирүү фактысынын бети ачылган. Бул боюнча 9 кылмыш иши козголгон.