2012-жылы 477 кыргыз кызы орус улутундагы жарандарга турмушка чыккан
2012-жылы 477 кыргыз кызы орус улутундагылар менен
баш кошкон. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин басма сөз
кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, былтыр 108 кыргыз кызы түштүк кореялык мырзаларга
турмушка чыкса, 82 кыз өзбек жарандарына, 56 кыз түрк улутундагы мырзалар менен баш кошкон. Ошондой эле
51 кыргыз айымы казак, 46сы АКШ, 29у тажик, 29у немис, 19 кыз кытай мырзаларынын колун кармаган. Муну менен катар Пакистан, Ооганстан, Италия,
Франция, Япония, Украина, Сирия жана индиялык жигиттерден түгөй тандаган кыздар да болгон.