Саат 16:00гө авиакырсыктан жабыр тарткандар үчүн ачылган эсепке 4 миллион 657 724 сом которулду

16-январдагы авиакырсыктан жабыр тарткандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган атайын эсепке которулган каражаттардын бүгүн саат 16:00гө болгон көрсөткүчү 4 миллион 657 724 сом 35 тыйынга жетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"Бардык каалоочулар көрсөтүлгөн эсепке акча которо алышат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 13:00гө карата өкмөттүн тапшырмасы менен ачылган атайын эсепке 2 миллион 395 659 сом каражат келип түшкөн.

Учак кырсыгынан жабыркаган жарандарга жана жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү эсеби:

Эсептик номер: 4407012100007868

Банк: Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)

БИК: 440001

Төлөм коду: 14238900

ОКПО: 22710535

ИНН: 00103200110150

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kadamjai90
2017-01-18 18:08:29
эми жабыркагандарга жетсинда ортодо башка бироолор уруп кетпесин
+7
maks83
2017-01-18 18:27:06
эми жеп кете корбосун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан