Нарын облусунда авиакырсыктан каза болгон 3 тургундун сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 18-январда Нарын облусунун Кочкор айылында авиакырсыктан каза болгон 1980-жылы туулган Гүлжан Исакованын, 2011-жылкы Руслан Шаршенбековдун, Нарын шаарында 1988-жылы туулган Наргиза Кожоналиеванын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынан бир туугандар Адинай Белекованын (2010) жана Мадина Белекованын (2003) сөөгү Сокулукка коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 100 миң сомдон, Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан 80 миң сомдон, өкмөттүн атынан 70 миң сомдон, Нарын облусунун элинин атынан 30 миң сомдон үй-бүлөлөрүнө берилгени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
barakcha
2017-01-18 18:41:57
Жаткан жеринер жайлуу,топурагынар торко болсун!Аллах билип билбеген куноолорунорду кечирип,бейиштин торунон орун берси.
+7
Mirlan5
2017-01-18 20:09:26
Жараткан жаткан жериңерди жайлуу кылсын.жакындарына сабр.каңырык түтөп турат биздинда.
+3
baltabai
2017-01-18 22:49:56
Жаткан жерин жайлууу болусун каргы уйнор жарык болсун
+1
altyn2015
2017-01-19 08:58:26
Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун!
0
mr.ulan89
2017-01-19 12:39:41
Жаткан жерлери жайлуу топурагы торкоо болсун Наргизти жакшы таанучу элем адамга жамандыгы жок боорукер жан эле минтип шум ажал жулуп кетти жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан