Бүгүн, 18-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
16-январда Таттыгүл Дооталиева деген интернет колдонуучу Фейсбук баракчасына Бишкектин четиндеги Курулуш башкармалыгынын дачалары айылындагы авиакырсыкты табалап билдирүү жазган. Кырсыктан каза тапкандар өлкөнүн түштүк аймагынан экенин айтып, “өздөрүнөн көрсүн, улут тазаланып жатат” деген өңүттө пикир калтырган эле. Оор жоготууну угуп кайгырып турган көпчүлүккө билдирүү катуу тийди.
Интернет колдонуучулар укук коргоо органдарынан бул адамды жазага тартууну талап кылышып, маселе Жогорку Кеңешке чейин жетти. Комитет жыйынында "Бир болдун" депутаты Улугбек Ормонов оор күндө элди бөлүп-жаргандарга чара колдонууну айтып, укук коргоо органдарына коңгуроо какты. Бул адам Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусу экени бат эле билинип, ЖОЖ жетекчилиги ага эскертүү берилгенин билдирди. Бул учурда Дооталиева социалдык түйүндөгү аты-жөнүн алмаштырып, андай билдирүү жазбаганына коомду ишендирүү аракетинде эле. Бирок коом анын "актануусун" кабыл ала турган абалдан эбак өтүп кеткен, интернетте пикир калтыргандардын дээрлик баары аны жазага тартууну талап кылышты. Көп өтпөй Медициналык академия Дооталиева иштен алынганы жөнүндө маалымат таратып, анда чечим Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-бөлүгүндөгү моралдык жосундар эрежесине байланыштуу кабыл алынганы айтылат. Өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугуна жооптуу орган - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Дооталиеваны 17-январда суракка алып, анын билдирүүсүнөн улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу элементтерин тапты. Ага УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди. 2016-жылы дин аалымы Чубак Жалилов кимге жаназа окуу, кимге окубоо керектиги жөнүндө коомду эки жээкке бөлгөн билдирүү жасап, УКМК ага дагы расмий эскертүү берген эле.
Моралдык өңүттөн караганда, Дооталиеванын жоругун актоо мүмкүн эмес. Элди бөлүп-жаруу аракеттерине, улуттук коопсуздукка шек жараткандарга сөзсүз чара көрүлүшү керек. Белгилей кетүүчү жагдай, Дооталиева өз билдирүүсү үчүн ММКларды же мамлекеттик трибунаны пайдаланган жок. Кыргыз Республикасынын жараны катары өз оюн (ал ой жаманбы, жакшыбы башка маселе) өлкөдө ММК деп таанылбаган, эркин аянтчадан жарыялады. Ким эмнени туура, эмнени туура эмес деп эсептесе, ал оюн жеке баракчасына жазууга укуктуу. Адамды жеке пикири үчүн куугунтуктоо жыйынтык бербейт. Жалпы элдик идеологияны пайда кылып, өнүктүрүп, тарбиялоого көңүл бөлүү керек.
Ал эми Дооталиеванын билдирүүсүндө айтылган "оштуктар" боюнча... Бишкек - өлкөнүн борбор шаары. Башка аймактарга салыштырмалуу жумуш таап иштөө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Жогорку окуу жайлардын көбү да Бишкек шаарында жайгашкан. Ошондуктан жер-жерлерден жарандар Бишкекке агылып келип орун-очок алып жашап жатышат. Өлкөнү экиге бөлүү аракетине коомдун жабыла каршы туруусу - кыргыздын бөлүнбөс эл экенинин далили. Аймактардан келгендердин социалдык статусун Бишкек менен Чүйдүн жашоочуларына теңдөө идеясын убагында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтып чыгып, демилге аягына чыга элек. Депутат "прописка" деген институтту жоюп, жарандарды "тургун" жана "келгин" деп бөлүүнү токтотууну сунуштоодо. Тагыраагы, жарандар кайсы жерде жашаса, ошол жерден бардык социалдык жеңилдиктерин алууга укуктуу дегенди жактап жатат...
Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында аңчылык кылууга тыюу салынганы жатат. Жогорку Кеңеш “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүүчү мыйзам кабыл алды. Чек ара аймагына билбей кирип кеткен аңчыларга 3000 сомго чейин айып салынат. Мыйзамдын аткарылышын Чек ара кызматы жана Аңчылык департаменти көзөмөлдөйт.
Кыргыз жеринде аңчылыкка лицензия берүү тармагы чиновниктердин бизнесине айланып калганы айтылып жүрөт. Анын үстүнө мыйзамдын аткарылышын чек арачылар менен Аңчылык департаментинин өкүлдөрү өздөрү бузбайт деген кепилдик жок. Чек ара аймактарында колуна курал алып көбүнчө ушулар жүрүшөт, бул мыйзам карышкырга кой кайтартууга тете болуп калышы мүмкүн. Кызыл китепке кирген жаныбарларга кол салуу боюнча фактылар дагы бир топ. 2016-жылдын октябрь айында "Манас" аэропортунан 4 ителгини мыйзамсыз алып бараткан Бириккен Араб Эмираттарынын жарандары кармалган эле. Бул факт боюнча учурда териштирүү жүрүп жатканын, сот чечими чыга электигин Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн өкүлү тастыктап, бирок кылмышка шектүү жарандар Кыргыз жеринде камакта экенин же өлкөдөн чыгып кетишкенин айта алган жок. Ителги - Кызыл китепке кирген канаттуу. Аларды Кыргыз тараптан кимдир бирөө тирүү кармап берип, соодалап жиберген десе болот. 2016-жылдын декабрында Кара-Кулжа районунда мыйзамсыз аңчылык кылган деп 3 адам кармалып, алардын бири милиция кызматкери экени белгилүү болду. Ал эми Ысык-Көл облусунда ак илбирсти атып өлтүргөн адамга 300 миң сом айып салынган. 2015-жылы кийик атып, аны менен сүрөткө түшкөн Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкери Искендер Жолдошов жоопко тартылган эмес. Комиссия бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, аңчылык мыйзамдуу деген чечим чыгарган. Бул боюнча Жолдошовдун шериги, Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев да жазаланган эмес.
Мындай фактылар Кыргыз жеринде Кызыл китепке кирген жаныбарларды сактоо зарылдыгы күч экенин, аңчылык ишине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын көрсөтөт. Депутаттар Жанар Акаев менен Эмил Токтошев өлкөдө 2030-жылга чейин аңчылык кылууга биротоло тыюу салууну демилгелеп чыгышкан эле. Бирок буга өкмөт макулдук бербей койгону белгилүү болду...