Чүй жана Аламүдүн районунда электр жарыгы өчүрүлдү
Чүй жана Аламүдүн районунун айрым аймактарына 27-апрелде электр жарыгын берүү чектелет. Тактап айтканда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районунун Кырман конушунда, Лебединовка айылында жана Чүй районуна караштуу Чүй айылында электр жарыгы болбойт. Бул аралыкта "ДСК" жана "Токмок" көмөк чордондорунда оңдоо иштери боло тургандыгын "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.